AVN







АЛАРДЫН ЭРДИГИНЕ ТААЗИМ КЫЛАБЫЗ

АЛАРДЫН ЭРДИГИНЕ ТААЗИМ КЫЛАБЫЗ
 May 14, 2019  838

ЖАМУнун медициналык колледжинде Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата  арналган салтанат болуп өттү.

       Анда “Фармация” адистигинин 1-курсунун студенттери Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын эскерүү менен алардын   эрдиктерин   даңазалаган  ырларды аткарышты. Медициналык колледждин директору А.Эгембердиева: “Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын саны жылдан-жылга азайып баратканы өкүнүчтүү.  Бизге тынч жашоону, азаттыкты  тартуулаган баатырлардын эрдиги эч качан унутта калбаш керек. Т.Тайгараев, Д.Шопоков, Ч. Түлөбердиев  сыяктуу баатырларыбыз элибиздин эсинде түбөлүккө сакталат.

 Кийинку муун алардын эрдигине таазим кылабыз ” - деген сөзүн айтты.

    Иш чаранын жыйынтыгында активдүү катышкан студенттер “Мактоо баракчалары” менен сыйланышты.

Эске салсак салтантатты колледждин  окутуучулары  К.Хайткулова, Л.Самидинова, Б.Сайдазимова,Н.Байгозуевалар уюштурушкан. 

  • АЛАРДЫН ЭРДИГИНЕ ТААЗИМ КЫЛАБЫЗ
  • АЛАРДЫН ЭРДИГИНЕ ТААЗИМ КЫЛАБЫЗ
  • АЛАРДЫН ЭРДИГИНЕ ТААЗИМ КЫЛАБЫЗ
  • АЛАРДЫН ЭРДИГИНЕ ТААЗИМ КЫЛАБЫЗ
  • АЛАРДЫН ЭРДИГИНЕ ТААЗИМ КЫЛАБЫЗ
  • АЛАРДЫН ЭРДИГИНЕ ТААЗИМ КЫЛАБЫЗ