AVN







ХИМИЯ АДИСТИГИНИН МЫКТЫЛАРЫ ТАНДАЛДЫ

ХИМИЯ АДИСТИГИНИН МЫКТЫЛАРЫ ТАНДАЛДЫ
 May 14, 2019  923

Табгый-техникалык факультетинин “Химия” кафедрасында Х-1-16 тайпасынын профессионалдык-базалык практикасынын жыйынтыктоочу отчеттук конференциясы болуп өттү. Конференцияга кафедра башчы

Н. Арстанбекова, кафедранын практика иштери боюнча жооптуусу Маматураимова Н. А. , практика жетекчилери Сатканкулова М. Э., Болотбеков А.О. жана 2-курстун  студенттери катышышты.

“Х-1-16 тайпасы 2019-жылдын 15-апрелден 25-апрелге чейин  профессионалдык-базалык  практикасын  шаардагы №4, №5 –гимназия мектептеринде, №9, №14- инновациялык  мектептерде практикаларды ийгиликтүү өтөп келишти. Жыйынтыктоочу отчеттук конференцияда  студенттер мектептерде өткөн химиялык, тарбиялык ачык сааттарынан фрагменттерди, өз колдору менен жасаган  көрсөтмө  куралдарын презентациялашты. Практика учурунда тайпалардын практика жетекчилери студенттерге методикалык жардамдарды көрсөтүшүп мектептерге барып сабактарга катышып турушту” – Н. Арстанбекова.

Конференциянын жүрүшүндө “Мыкты ачык сабак”, “Мыкты көрсөтмө курал”, “Мыкты класстан тышкаркы иш” номинациясы боюнча конкурс өткөрүлдү. Жыйындыгында “Мыкты сабак” номинациясына Мырзанбетова Айжандын “, ”Мыкты көрсөтмө курал”номинациясына  Аматова Миргүл,ал эми “Мыкты класстан тышкаркы иш”номинациясына  Бешкемпирова Назира татыктуу болушту.

  • ХИМИЯ АДИСТИГИНИН МЫКТЫЛАРЫ ТАНДАЛДЫ
  • ХИМИЯ АДИСТИГИНИН МЫКТЫЛАРЫ ТАНДАЛДЫ
  • ХИМИЯ АДИСТИГИНИН МЫКТЫЛАРЫ ТАНДАЛДЫ
  • ХИМИЯ АДИСТИГИНИН МЫКТЫЛАРЫ ТАНДАЛДЫ