AVN







ТАЙМАШ САБАК БОЛДУ

ТАЙМАШ САБАК БОЛДУ
 May 13, 2019  1315

Филология  факультетинин Англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Алымкулова Гулжан Оозеки кептин  практикуму сабагынан “ Our first step in Learning English Language” деген темада  1-курстарга  ачык сабак өттү. Бул сабак негизинен студенттердин англис тилине болгон кызыгуусун арттыруу максатында таймаш сабак түрүндө өткөрүлдү.

Сабакка ЧТ-1-18  жана ЧТк-1-18 тайпасынын студенттери катышышты.  Студенттер бир жыл  бою үйрөнгөн билимин колдонуп, англис тилинде саламадашуу,  жанылмачтарды ,ошондой эле англис тилиндеги сөздөрдү тамгалап айтышып , жомоктордон үзүндү аткарышты – дейт Г. Алымкулова. Мындай сабактардын өткөрүлүп туруусу студенттердин тил үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу менен бирге, сүйлөө, ойлоо, окуу жөндөмдүүлүгүн өстүрүүгө пайдалуу.  Сабакка аталган кафедранын кафедра башчысы жана окутуучулары ошондой эле факультеттин окуу-усулдук иштери боюнча өкүлү катышышып, өз ойлорун айтышты.

  • ТАЙМАШ САБАК БОЛДУ
  • ТАЙМАШ САБАК БОЛДУ
  • ТАЙМАШ САБАК БОЛДУ
  • ТАЙМАШ САБАК БОЛДУ
  • ТАЙМАШ САБАК БОЛДУ
  • ТАЙМАШ САБАК БОЛДУ
  • ТАЙМАШ САБАК БОЛДУ