AVN







Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматында стажировкалар программасына катышууга конкурс жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматында стажировкалар программасына катышууга конкурс жарыяланды.
 May 8, 2019  755

Кимдер үчүн: университеттердин, колледждердин бүтүрүүчүлөрү жана акыркы курстардын студенттери катыша алат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Ош мамлекеттик жана Кыргыз-Өзбекуниверситеттеринин карьера борборлору, Адам укуктары боюнча БУУнун Борбордук Азиядагы кеңсеси менен кызматташтыкта  университет жана колледждердин акыркы курстарынын студенттери жана бүтүрүүчүлөрүнө  Ош, Жалал-Абад жана  Баткен облустарынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында акы төлөнүүчү төрт айлык стажировкадан өтүү менен кесиптик тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

Стажировкадан өтүү мезгили 4 айга созулат, программанын алкагында стажерго ай сайын болжол менен 4100 сом өлчөмүндө стипендия төлөнүп берилет .

Стажировкага катышуу үчүн талапкерлер өтүнмө жөнөтүшү керек.

Байланыш маалыматтары:

Стажировкага катышуу боюнча өтө так маалыматты талапкерлер  Адам укуктары боюнча БУУнун Борбордук Азиядагы кеңсесин өкүлдөрүнөн 0770 800057 телефон, email:beintern2019@gmail.com аркылуу, жана төмөндөгү көрсөтүлгөн байланыштар боюнча программанын координаторлорунан алууга болот.

Жалал-Абадоблусу

Байланышадамы: Маткалыкова Гулнура

тел: 0708 477121, email: jasu.programms@gmail.com

Дареги: Жалал-Абад шаары, Ленин атындагы көчө, 57

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  Эл аралык байланыш бөлүмү (башкы корпус)