AVN







ЖАМУДАГЫ ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИ

ЖАМУДАГЫ ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИ
 May 8, 2019  893

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Жаштар комитетинин уюштуруусу менен “Поэзия кечеси” өткөрүлдү. Кечеге таланттуу студенттер тартылып, өз калемдеринен жаралган ырларын окуп угармандардын жан-дүйнөсүнө  гүлазык тартуулашты – деп  билдиришти комитетттен.

Маалыматта  конок катары "Өрнөк-Башат" коомунун өкүлү, ЖАМУнун Маданий эстетикалык борборунун окутуучусу  Н.Шамуратов, Мирлан Стамов, Калмаматова конок болушканы айтылат.

 Келген коноктор өз ойлорун айтышып, таланттарынын андан ары уланышы үчүн өз кеп-кенештерин беришти. Катышуучуларга окуу жай тарабынан  ыраазычылык каттары берилди.   

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык  "2019-жыл аймактарды өнүктүрүү  жана мамлекетти санариптештирүү"жылына,  ЖАМУнун түптөлгөндүгүнө  96, университет болуп түзүлгөнүнүн 26 жылдыгына карата  уюшулган.

  • ЖАМУДАГЫ ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИ
  • ЖАМУДАГЫ ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИ
  • ЖАМУДАГЫ ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИ
  • ЖАМУДАГЫ ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИ