AVN







“КЫТАЙ ТИЛИ КӨПҮРӨСҮ”АТТУУ ТАЙМАШТЫН ТАНДОО ТУРУ БОЛДУ

“КЫТАЙ ТИЛИ КӨПҮРӨСҮ”АТТУУ ТАЙМАШТЫН ТАНДОО ТУРУ БОЛДУ
 May 8, 2019  846

 Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институтунда мектептер аралык “Кытай тили көпүрөсү” аттуу таймаштын тандоо туру болуп, ага жалпы  21 тил үйрөнүүчү катышышты.

Таймаш талантын көрсөтүү жана көркөм сүйлөө деген эки тур менен өткөрүлдү. Иш-чаранын башталышында Конфуций институтунун кытай тараптан директору Лиао Чанг Мэй сөз сүйлөп, катышуучуларга кытай тилине байланыштуу суроо таштап, кызыктуу баарлашты. Конкурстун максатын айтып, баарына ийгилик каалады. Катышуучулардын ичинен айрымдары Кытай мамлекети тууралуу сүйлөп беришсе, кээ бирлери өздөрү барып көрүп келген Кытайдын шаарлары жөнүндө кытайча маалымат беришти.

Бир сааттык таймаштын негизинде  Базар-Коргон районунун  №30 мектебинин окуучусу Зайнишова Нураида биринчи орунду, Көк- Жаңгак шаарынын №4 Гагарин мектебинин окуучулары Ашимова Уултай жана Темирбаев Бактияр экинчи орунду багындырышты. Өздөрүнүн мыкты билимин көрсөткөн катышуучуларга жетекчилик тарабынан баалуу белектер ыйгарылды.

  • “КЫТАЙ ТИЛИ КӨПҮРӨСҮ”АТТУУ ТАЙМАШТЫН ТАНДОО ТУРУ БОЛДУ
  • “КЫТАЙ ТИЛИ КӨПҮРӨСҮ”АТТУУ ТАЙМАШТЫН ТАНДОО ТУРУ БОЛДУ
  • “КЫТАЙ ТИЛИ КӨПҮРӨСҮ”АТТУУ ТАЙМАШТЫН ТАНДОО ТУРУ БОЛДУ
  • “КЫТАЙ ТИЛИ КӨПҮРӨСҮ”АТТУУ ТАЙМАШТЫН ТАНДОО ТУРУ БОЛДУ