AVN







ЖАМУДА ИЕРОГЛИФ ЖАЗУУ ТАЙМАШЫ БОЛДУ

ЖАМУДА ИЕРОГЛИФ ЖАЗУУ ТАЙМАШЫ БОЛДУ
 May 7, 2019  879

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институтунда биринчи жолу иероглиф жазуу таймашы болуп өттү. Анда 39 конкурсант катышты.  Алардын 17си - студент, 22си -  мектеп окуучусу.

Жыйынтыгында,  студенттер арасынан ЖАМУнун эл аралык укук адистигинин студенти Баатырбек Абдусалиев кытай тамгаларын кооз жазуу менен биринчи орунду багындырды. Институттун кытай тили курсунун студенти Максутова Жамиля экинчи орунду, Абдыкаимова Айкан жана Курбаналиева Элнура үчүнү орунду ээлешти.

            Окуучулар  арасынан Билимкана мектебинин окуучусу Хожиакбар Кадбеков биринчи орунга ээ болду. Экинчи орунга  Курбанбаева Эльмара (Нур колледжи), Талантбекова Сезим (Билимкана мектеби), үчүнчү орунга Альбина Надир кызы (Көк Жангак №1), Джакипова Сара жана Кадырбекова Акмарал (ЖАМУ кытай тили курсу) жетишишти жана баалуу белектер менен сыйланышты.

  • ЖАМУДА ИЕРОГЛИФ ЖАЗУУ ТАЙМАШЫ БОЛДУ
  • ЖАМУДА ИЕРОГЛИФ ЖАЗУУ ТАЙМАШЫ БОЛДУ
  • ЖАМУДА ИЕРОГЛИФ ЖАЗУУ ТАЙМАШЫ БОЛДУ
  • ЖАМУДА ИЕРОГЛИФ ЖАЗУУ ТАЙМАШЫ БОЛДУ
  • ЖАМУДА ИЕРОГЛИФ ЖАЗУУ ТАЙМАШЫ БОЛДУ