AVN







ЖАМУНУН БҮТҮРҮҮЧҮСҮ ЭЧКИЛЕРДИН БИОЛОГИЯЛЫК-ГЕНЕТИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮН ИЗИЛДЕЙТ

ЖАМУНУН БҮТҮРҮҮЧҮСҮ ЭЧКИЛЕРДИН БИОЛОГИЯЛЫК-ГЕНЕТИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮН ИЗИЛДЕЙТ
 May 4, 2019  600

Табигый-техникалык факультетинин Биология кафедрасынын окутуучусу Жээнбекова Бурулай Жолболдуевнаны 02.05.2019 Д.06.17.566 диссертациялык Кеңеште 06.02.07-айыл чарба малдарын өстүрүү,  асылдандыруу жана  генетикасы шифири боюнча «Кыргызстандын түштүк-батыш шартындагы кыргыз жүндүү породасындагы эчкилердин биологиялык-генетикалык өзгөчөлүктөрү жана  чарбалык пайдалуу белгилери» аттуу иши ийгиликтүү  бекилгендиги боюнча аталган кафедранын кафедра башчысы б.и.к., доцент А Токторалиев билдирди.

Анын айтымында Биология кафедрасынын окутуучусу Б.Жээнбекова илимий ишинин үстүндө  2008 жылдан бери изилдөө жүргүзүп  23 илимий макала Эл аралык, республикалык илимий-практикалык конференцияларда жарык көргөн. Белгилеп  өтсөк Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-практикалык конференцияларында (Жалал-Абад, 2008, 2010, 2013, 2014); К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин илимий-практикалык конференцияларында (Бишкек, 2010, 2013, 2014); Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун илимий-практикалык конференцияларында (2011, 2012, 2014); И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университенин илимий-практикалык конференциясында (2014); Эл аралык илимий-практикалык конференциясында (Алматы, 2010); Эл аралык илимий-практикалык конференциясында (Улан-Уде, 2015);Эл аралык илимий-практикалык интернет-конференцияларында (Ставрополь, 2015), жарык көргөн.

Биология кафедрасынынокутуучусу жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү  Б. Жээнбековага узун өмүр, чын ден соолук, үй-бүлөңүзгө бакыт, ишиңизде чоң ийгиликтерге жетише биришиңизге тилектешбиз деген куттуктоосун кошумчалай кетти.