AVN

Педагогикалык практика кесипкөйлүктү калыптандырат

Педагогикалык практика кесипкөйлүктү калыптандырат
 May 3, 2019  774

Табигый техникалык факультетинин Химия кафедрасынын Х-1-15-тайпасынын студенттери шаардагы С.Давлетов атындагы №14-, Р.Санатбаев атындагы №-9-инновациялык мектептерде, №4-, Б.Осмонов атындагы №5-гимназия, З.Нурматова атындагы кыздар, Курманбек баатыр атындагы балдар лицейинде, №13-орто мектептеринде профессионалдык-профилдик практикасын  өтөшүүдө.

Химия кафедрасынын  башчысы Н.Б.Арстанбекова жана окутуучулар

шаардагы Р.Санатбаев атындагы №9-инновациялык мектепте болушуп, Х-1-5 тайпасынын студенти Айзада Акылбекованын 8-б классында өткөн “Химиялык байланыштардын түрлөрү” темасындагы ачык сабагына катышышты. Практикант А.Акылбекова өз сабагында интерактивдүү методдорду колдонуу менен  топтордо ийгиликтүү иштей алды. Сабакта окуучулар активдүүлүгүн көрсөтүп, суроолорго туура жоопторду беришти.

         Жыйынтыгында А.Акылбекованын убакытты туура пайдаланып, сабакты кызыктуу, жеткиликтүү жана окутуунун интерактивдүү методдорун колдонгондугун белгилеп, сунуш, пикирлерди айтуу менен  өтүлгөн  ачык сабагын жакшы деп баалашты.

  • Педагогикалык практика кесипкөйлүктү калыптандырат