AVN







МЕН АТАМДЫ ЖАНА АГАЛАРЫМДЫ ЭСКЕРЕМ!

МЕН АТАМДЫ ЖАНА АГАЛАРЫМДЫ ЭСКЕРЕМ!
 May 3, 2019  882

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 200дөн ашуун студенти Мен атамды жана агаларымды эскерем! – аттуу чуркоо марафонуна катышышты. Бул тууралуу ЖУМУнун  “Ден соолук” борборунун жетекчиси Низамидин Абдурахимов билдирди.

Чуркоо марафону бүгүн Жалал-Абад шаарында Улуу жеңиштин 74 жылдыгын, 5-май Кыргыз Республикасынын Конституция күнүн утурлай өткөрүлдү. Алгач катышуучулар Ленин көчөсүндө жайгашкан областтык соттун имаратынын алдынан, борбордук аянтка чейинки аралыкка чуркап өтүштү. Калаа тургундарын жана жаштарды спортту сүйүү, сергек жашоого үндөгөн иш-чарага, калаанын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков, шаардык  кеңештин  төрагасы Айбек Жолдошев жана бир катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Мындай спроттук иш-чаралар жаштардын ден соолугуна пайдалуу жана коомдук иштерге активдүү катышып, эл менен мамиле түзүүнү, алар менен иштөөнү үйрөнүшөт. Окуу жайдын студенттери коомдук иштерге өз ыктыярлары менен активдүү катышып келишээрин айтат Н. Абдурахимов.

Чуркоо марафону борбордук аянтта атайын концерттик программа менен коштолуп, биринчи болуп келген катышуучуга кубок ыйгарылды. Мындан тышкары атайын оюн-зооктор өткөрүлүп кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Иш-чараны шаардык мэрия, Альфа Телеком ЖЧКсы (Мегаком ишканасы) жана "Жаш жарандарды өнүктүрүү" коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

  • МЕН АТАМДЫ ЖАНА АГАЛАРЫМДЫ ЭСКЕРЕМ!
  • МЕН АТАМДЫ ЖАНА АГАЛАРЫМДЫ ЭСКЕРЕМ!
  • МЕН АТАМДЫ ЖАНА АГАЛАРЫМДЫ ЭСКЕРЕМ!
  • МЕН АТАМДЫ ЖАНА АГАЛАРЫМДЫ ЭСКЕРЕМ!
  • МЕН АТАМДЫ ЖАНА АГАЛАРЫМДЫ ЭСКЕРЕМ!
  • МЕН АТАМДЫ ЖАНА АГАЛАРЫМДЫ ЭСКЕРЕМ!