AVN







ПРАКТИКАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯ

ПРАКТИКАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯ
 May 2, 2019  947

 ЭЮФтун “Финансы жана кредит” кафедрасында тайпалардын практикаларынын жыйынтыктарын кароо максатында квалификация алдындагы, өндүрүштүк жана окуу практикаларын жыйынтыктоочу конференция болуп өттү. Конференцияга ЖАМУнун өндүрүштүк практика бөлүмүнүн башчысы Жолдошалиева Нурия Султановна, кафедра башчы э.и.к., доцент Карбекова Азиза Баймаматовна, кафедранын практика иштери боюнча жооптуусу Ражабалиева Н.Н жана тайпалардын практика жеткчилери Мамыралиева А.Т., Жамашева Г.С., Мусакулов Н.К. жана студенттер катышышты.  ФКк-1-15 тайпасы 2019-жылдын 25-мартынан 20-апрелге чейин квалификация алдындагы, ФКк-1-16 тайпасы 18-марттан 6-апрелге чейин өндүрүштүк жана ФКк-1-17 тайпасы 15-апрелден 27-апрелге чейин окуу практикаларына чыгарылып практикаларды ийгиликтүү өтөп келишти. Практика боюнча отчетторун жобого ылайык даярдашып, өз учурунда тапшырышты. Практика боюнча отчетторду слайд түрүндө презентация кылышты. Практика учурунда  тайпалардын практика жетекчилери студенттерге методикалык жардамдарды көрсөтүү максатында барышып кабар алышып, практиканын ондүрүштүк жетекчилерине жолугуп баарлашып келишти. Белгилей кетсек, ФКк-1-15 тайпасынын студенти Макканбаева Айдана квалификация алдындагы практикасын ЖАК “KICB” банктын Жалал-Абад филиалында өтөп, өзүнүн теориялык алган билимдерин практика менен айкалыштырып, банк тарабынан ыраазычылык катка ээ болду. Ал эми ФКк-1-17 тайпасынын студенти Нурланов Медер окуу практикасын Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин агрардык саясат,суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү бөлүмүндө өтөп, өзүнүн  мыкты сапаттарын көрсөтүп, Азиза Баймаматовна жетектеген жалпы кафедранын жамаатына ыраазычылык кат менен келди.

  • ПРАКТИКАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯ
  • ПРАКТИКАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯ
  • ПРАКТИКАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯ
  • ПРАКТИКАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯ
  • ПРАКТИКАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯ
  • ПРАКТИКАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯ