AVN

ЖАКтын студенттери I республикалык кесиптик чеберчиликтин чемпионатында

ЖАКтын студенттери I республикалык кесиптик чеберчиликтин чемпионатында
 May 2, 2019  829

Жалал-Абад колледжинин студенттери  И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлектетик техникалык университетинин 65 жылдыгына арналган I республикалык КРнын орто окуу жайларынын студенттеринин арасындагы «КЕСИПТЕР ЧЕМПИОНАТЫ»  кесиптик чеберчиликтин сынагына катышып, ийгиликтерди багындырышты.   Сынак  27-апрель күнү борбор калаада жыйырмага жакын кесиптик орто окуу жайларынын студенттеринин катышуусунда болду.

 Жалал-Абад колледжинен 140206 “Электр станциялары, тармактар жана системалар”,  260903 “Тигилген кийимдерди моделдөө жана конструкциялоо” жана 280105 “Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу” адистигинин студенттери бул таймашта теориялык билимдерин практикалык көнүгүүлөр менен тастыкташып өз окуу жайынын визиттик карточкасын демонстрациялоо менен байгелүү орундарга татыктуу болушту.  Анда, “Электр станциялары, тармактар жана системалар” жана “Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу” адистигинин студенттери 3-орунду ээлешсе, ал эми “Тигилген кийимдерди моделдөө жана конструкциялоо” студенттери 4-орунга татыктуу болушту.

 Конкурска студенттерди даярдап жана жетектеп барып келген делегация башчылары  Эшбаев А.А., Курбанов А.Х., Мырзабаева К. Конкурстун  жүрүшү жөнүндө төмөнкүдөй пикирин билдиришти.

“Балдарыбыз жана биз, мугалимдер да, мындай мелдештен өзүбүзгө чоң сабактарды алдык: чыныгы таймашты көрдүк, өзүбүздү баалай алдык, борбордун окуу жайлары менен тааныштык, мелдешке катышкан окуу жайлардын өкүлдөрү менен байланышта болууга, биргеликте окутуу-тарбиялоо процессин жакшыртуу боюнча маалымат алмашууга макулдаштык. Дегеле өзүбүзгө сырттан байкоо жүргүзө алдык...” – деген ойлорун айтты окутуучулар.

  • ЖАКтын студенттери I республикалык кесиптик чеберчиликтин чемпионатында