AVN







ПРАКТИКАЛАРДЫН ЖҮРҮШҮН ТЕКШЕРҮҮ

ПРАКТИКАЛАРДЫН ЖҮРҮШҮН ТЕКШЕРҮҮ
 May 2, 2019  597

ЭЮФтун Финансы жана кредит кафедрасына караштуу ФКк-1-17, ФКк-1-16, ФКк-1-15 тайпасындагы студенттерди практика мезгилинде ишканаларга барып текшерүү учуру, кафедрадан бекитилген жетекчилери э.и.к., доц. А. Карбекова жана окутуучу Н. Мусакулов, доц.м.а. Г. Жамашева, окутуучу Н. Ражабалиева, ага окутуучу А. Мамыралиева, ага окутуучу Г. Абдырахмановалар. Жалпысынан 40-студент практикага чыгышты.

Аталган профилдеги студенттер үчүн практикалардын базалары болуп финансы –кредиттик мекемелер, бюджеттик эмес фонддор, Каржы Министрлигинин аймактык бөлүмдөрү, камсыздандыруу компаниялары, коммерциядык ишканалар, коммерциялык эмес уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, салык кызматы, бажы инспекциясы, мамлекеттик статистика башкармалыгы ж.б.көптөгөн ишкана, мекемелер кирет.

Глобалдык экономикалык өнүгүүнүн натыйжасында, ички жана эл аралык эмгек рыногунда атаандаштыктын өсүшү, жумушсуздуктун өсүшү жана кээ бир кесиптерге жана адистерге керектөөлөрдүн азайышы, иш берүүчүлөр менен бирдикте мамлекеттик органдар тарабынан  жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө потенциалдуу кызматкерлер катары жогорку талаптарды кое баштайт.

Келечектеги кесиптик ишмердүүлүктү жана ал үчүн зарыл болгон  кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү, студенттердин практикалык кесиптик даярдоо сапаты  бүгүнкү күндө абдан курч маселе болуп саналат.

Иш берүүчүлөр, коюлган  милдеттерди чече ала турган, белгилүү бир максаттарга жете билген жана өздөрүнүн кесиптик артыкчылыктарын аныктай алышкан компетенттүү адистерди  талап кылат.

Өздөрүнүн ишин мыкты билген, компетенттүү адистерди даярдоодо практиканын орду жана ролу абдан чоң. Практика – бул окуу процессинин ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат.

  • ПРАКТИКАЛАРДЫН ЖҮРҮШҮН ТЕКШЕРҮҮ
  • ПРАКТИКАЛАРДЫН ЖҮРҮШҮН ТЕКШЕРҮҮ
  • ПРАКТИКАЛАРДЫН ЖҮРҮШҮН ТЕКШЕРҮҮ
  • ПРАКТИКАЛАРДЫН ЖҮРҮШҮН ТЕКШЕРҮҮ
  • ПРАКТИКАЛАРДЫН ЖҮРҮШҮН ТЕКШЕРҮҮ