AVN







ӨЗБЕКСТАНДАН КЕЛГЕН ДЕЛЕГАЦИЯ ЖАМУДА

ӨЗБЕКСТАНДАН КЕЛГЕН ДЕЛЕГАЦИЯ  ЖАМУДА
 Apr 29, 2019  702

Жалал-Абад мамлекеттик университетине Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун губернаторунун орун басары Манзура Юсупова баштаган делегация келди.

Делегациянын курамына аталган өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, билим берүү, маданият тармагынын кызматкерлери  жана ишкерлер келишкен.  Келген конокторго окуу жайдын корпустары көргөзүлүп, университеттин жетишкен ийгиликтери көргөзмөгө коюлган.

КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов, эки элдин достугу  мындан ары бекем болуп,  ар тараптуу иш жүргүзүлөөрүн баса белгиледи.

Ал эми ЖАМУнун ректору К.Ж. Усенов эки өлкөнүн мамилесине ийгиликтерди каалап, Андижан мамлекеттик университетинин ректоруна, келечекте илим билим багытында биргеликте иш жүргүзүп, илимий лабораторияларды түзөбүз деген ойду айтып, ЖАМУнун 95 жылдыгына арналып чыгарылган китеп жана кыргыздын улуттук идиши болгон көөкөр формасындагы панно белекке берилди.

  • ӨЗБЕКСТАНДАН КЕЛГЕН ДЕЛЕГАЦИЯ  ЖАМУДА
  • ӨЗБЕКСТАНДАН КЕЛГЕН ДЕЛЕГАЦИЯ  ЖАМУДА
  • ӨЗБЕКСТАНДАН КЕЛГЕН ДЕЛЕГАЦИЯ  ЖАМУДА
  • ӨЗБЕКСТАНДАН КЕЛГЕН ДЕЛЕГАЦИЯ  ЖАМУДА
  • ӨЗБЕКСТАНДАН КЕЛГЕН ДЕЛЕГАЦИЯ  ЖАМУДА
  • ӨЗБЕКСТАНДАН КЕЛГЕН ДЕЛЕГАЦИЯ  ЖАМУДА
  • ӨЗБЕКСТАНДАН КЕЛГЕН ДЕЛЕГАЦИЯ  ЖАМУДА
  • ӨЗБЕКСТАНДАН КЕЛГЕН ДЕЛЕГАЦИЯ  ЖАМУДА