AVN







ЭЮФта этикалык кодексти талкуулашты

ЭЮФта этикалык кодексти талкуулашты
 Jun 20, 2017  1078

Экономикалык-юридикалык факультетинде ЖАМУнун профессордук-окутуучулар курамынын жана студенттеринин жүрүм-турумдарынын Этикалык кодекси боюнча 2017- жылдын 13-июнунда тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столдо ЖАМУнун Этикалык кодекси боюнча экономикалык-юридикалык факультетинин деканы э.и.д.,профессор А.К.Аскарова жана тарбиялык иштер боюнча жооптуу Э.Н.Төлөнов толук маалымат беришти.

Тегерек столдо окутуучулар менен студенттердин жүрүм-турум эрежелери, студенттер аралык өз ара мамиле, окутуучулар жана студенттер менен өз ара мамилелер жана профессордук-окутучуулар ортосундагы мамилелер кызуу каралып, жалпы Кодекстин негизинде суроо жооп талкуу болуп, толук түшүндүрмө берилди.

Тегерек столго ЭЮФнин жалпы профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышышты.