AVN







ЖАМУНУН ОКУТУУЧУСУ ОШТУДА АЧЫК САБАК ӨТТҮ

ЖАМУНУН ОКУТУУЧУСУ ОШТУДА АЧЫК САБАК ӨТТҮ
 Apr 29, 2019  788

Кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу Н.Жалилова ички мобилдүүлүктүн  негизинде 25-апрель күнү ОшТУнун  компьютердик лингвистика, графикалык дизайн жана энергетика багытында билим алып жатышкан 1-курстун студенттерине кыргыз тили жана адабияты дисциплинасынан "Өздүк иш кагаздары" деген темада ачык сабак өттү. Сабакта студенттер жупта, топто иштешишип, өздүк иш кагаздарынын колдонулуш чөйрөсүн, стилдик өзгөчөлүктөрүн аныкташып, реквизиттерин сызууну үйрөнүшкөн. Сабакты бышыктоодо иш кагаздары кандай укуктук күчкө ээ экендиги боюнча маалымат алуу менен турмушта өз алдынча колдонууга машыгышып, айрым иш кагаздарында кетирилген каталарды оӊдоонун үстүндө иш алып барышкан.

Жыйынтыгында, мобилдүүлүктү тастыктаган сертификат берилди – деп билдирди кыргыз тили кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Г.К.Бакирова

  • ЖАМУНУН ОКУТУУЧУСУ ОШТУДА АЧЫК САБАК ӨТТҮ
  • ЖАМУНУН ОКУТУУЧУСУ ОШТУДА АЧЫК САБАК ӨТТҮ
  • ЖАМУНУН ОКУТУУЧУСУ ОШТУДА АЧЫК САБАК ӨТТҮ