AVN







АЙМАКТЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

АЙМАКТЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ
 Apr 26, 2019  752

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучулары жана студенттери мамлекеттик тилди санариптештирүү боюнча иштелип чыккан долбоорлордун сынагына катышышып, байгелүү орундарга жетишишти.

Кыргыз тили кафедрасынын башчысы, доцент Г.Бакированын берген маалыматы боюнча Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата  М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде «Мамлекеттик тил. Илим. Технологиялар. Инновациялар» аттуу илимпоздордун жана студенттердин II аймактык илимий-практикалык конференциясы болуп, ага аталган кафедранын окутуучулары, студенттери катышышкан. Конференциянын пленардык жыйынында Кыргыз тили кафедрасынын профессору, фил.и.д. М.И.Мирзахидова “Мамлекеттик тилди окутууда улуттук идеологиянын чагылдырылышы (окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин мисалында)” деген темада мазмундуу илимий баяндама жасап, конференциянын катышуучулары тарабынан жылуу пикирлерге арзыды. Профессор М.И.Мирзахидовага мамлекеттик тилди өзбек мектептеринде окутууда бир нече окуу китептеринин автору катары сиңирген эмгеги үчүн КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси тапшырылды.

Конференцияны жыйынтыктоо аземинде Кыргыз тили кафедрасынын башчысы, доцент Г.К.Бакировага “Мамлекеттик тил: милдеттер, маселелер” аттуу илимий баяндамасы үчүн  I даражадагы диплом ыйгарылды.

Илимий-практикалык конференциянын алкагында мамлекеттик тилди санариптештирүү боюнча Ош шаардык мэриясы тарабынын уюштурулган конкурска биргелешкен долбоорлору менен катышышкан Кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу Н.Жалилова жана ЖАМУнун БАС кафедрасынын улуу окутуучусу Ж.Мамадразаковдор  II даражадагы диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.  

  • АЙМАКТЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ
  • АЙМАКТЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ
  • АЙМАКТЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ
  • АЙМАКТЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ
  • АЙМАКТЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ