AVN







БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ЖУМУШКА ЧАКЫРЫЛУУДА

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ЖУМУШКА ЧАКЫРЫЛУУДА
 Apr 25, 2019  713

Жалал-Абад колледжинин «Электр менен камсыздоо», «Электр станциялары, тармактар жана системалар» адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик практикасынын жыйынтыктоо конференциясы.

         Жалал-Абад колледжинин «Электр менен камсыздоо», «Электр станциялары, тармактар жана системалар» адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик практикасынын жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү. Конференцияга жалпы 62 студент катышып, мамлекеттик практикада жасалган жумуштарынын презентациялашты.

         Конференцияга ЖАМУнун практика боюнча адиси Жолдошалиева Н., ЖАКтын өндүрүштүк практика боюнча директордун орун басары Кайкиева Үлпат, Техника жана маалыматтарды иштетүү бөлүмүнүн практика жетекчиси Эмилова Гулнара жана практика жетекчилери Г.Алимбаева, А. Курбанов, С.Шаимкулова, А.Мамытова, Б.Акматалиева катышышты.

         Конференциянын жүрүшүндө студенттердин отчеттору угулуп, студенттердин алган баалары коюлуп жыйнытыкталды.  Практиканын уюштурулушу, жүрүшү боюнча жалпы “жакшы” – деген  баа берилди.

Райондук электр тармактарына практикага чыккан студенттерди жумушка алып калуу сунуштарын өндүрүш жетекчилери билдиришти. Мисалы: Эск-01-17 тайпасынан Муратов Кутманды, Эск-2-16 тайпасынан Кубанычбеков Алманбетти Базар-Коргон РЭТи жумушка чакырган. Ал эми Ноокен РЭТке Мусаев Тыныбекти жана Эск-2-16 тайпасын студенти Жумабеков Атанурду, Эск-01-17 тайпасынан Муратбек уулу Жолболдуну жумушка чакырышкан.

  • БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ЖУМУШКА ЧАКЫРЫЛУУДА
  • БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ЖУМУШКА ЧАКЫРЫЛУУДА
  • БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ЖУМУШКА ЧАКЫРЫЛУУДА