Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окуган студент кыздардын арасында “ЖАМУнун сулуусу” аттуу сулуулук сынагы өттү.
Аталган сынакта жалпысынан окуу жайдын факультет-колледждеринен 9 кыз ат салышкан. Алар 4 шарттын негизинде өз өнөрлөрүн тартуулашканын билдирет сынактын уюштуруучулары.
Конкурстун биринчи тапшырмасында “Ай чырайлуу кыргыз кыздары” аталышында кыргыз улуттук кийими менен өздөрүн тааныштырышты. Экинчи “Өнөрүң болсо, өргө чап” шарты менен өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ал эми конкурстун үчүнчү туру “Бийдин дили биз менен” аталышында катышуучулар бирдей окшош кийимде жалпы бийлешсе, жыйынтыктоочу шартында “Сый көйнөктөр дефилеси” менен кыздар сахна бетине чыгып, интеллектуалдык суроолорго жооп беришти.
Аталган конкурста берилген тапшырмаларды өз деңгээлине ылайык аткарган катышуучуларга калыстар тобу тарабынан бир нече сертификаттар, ар түрдүү номинациялар ыйгарылды. Жыйынтыгында “ЖАМУнун сулуусу” деп Экономикалык-юридикалык факультетинин студенти Элина Адылбекова таанылды.