AVN







АЙТМАТОВДУН ДЕЛБИРИ ЖАМУДА

АЙТМАТОВДУН ДЕЛБИРИ  ЖАМУДА
 Apr 24, 2019  714

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Р. Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында “Делбирим” кино тасмасынын презентациясы болду. Аталган тасманын демөөрчүсү Перизат Жакыпбекова  өзү келип катышып, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер күбө болушту.

Кыргыз элинин залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” чыгармасына таандык “Делбирим”  аттуу көркөм тасмасы кыргыз жана өзбек киноматографисттери тарабынан биргеликте тартылган. Жаштарды жоопкерчиликке, бирин-бири баалоого, потриоттуулукка үндөгөн заманбап тасма көпчүлүктүн көнүлүнөн орун алды.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат  жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаментинин Жалал-Абад облустук кинодирекциясынын кайрылуусунун негизинде тасма студенттерге көргөзүлгөн. Ч. Айтматовдун чыгармаларын жаштар арасында жайылтууга болгон иш аракеттердин бири катары кабыл алып, сунушту четке какпастан аткардык – дейт ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгул Доранова.

  • АЙТМАТОВДУН ДЕЛБИРИ  ЖАМУДА
  • АЙТМАТОВДУН ДЕЛБИРИ  ЖАМУДА
  • АЙТМАТОВДУН ДЕЛБИРИ  ЖАМУДА