AVN

Д.И.МЕНДЕЛЕЕВДИН МЕЗГИЛДИК СИСТЕМАСЫНА 150 ЖЫЛ

Д.И.МЕНДЕЛЕЕВДИН МЕЗГИЛДИК СИСТЕМАСЫНА 150 ЖЫЛ
 Apr 23, 2019  901

ЖАМУнун “Химия” адистигинин Х-1-17 тайпасынын студенттери Эркинбек кызы Гүлнур, Акимова Анара, Алиева Айгеримдин жетекчилиги астында 2019-жылдын 16-апрелинде  8”г”, 8-“д“ класстарынын  окуучуларынын катышуусу менен  “Д.И.Менделеевдин мезгилдик системасына 150 жыл” аттуу химиялык кече өткөрүштү.  Кечеде  Д.И.Менделеевдин өмүрү, илимий ишмердүүлүгү жөнүндө докладдар окулуп, “Элементтердин  симпозиуму” аталышындагы сценканы, кызыктуу химиялык тажрыйбаларды, табышмактарды, суроолорду берүү менен окуучулардан  тиешелүү жоопторду ала алышты.

Белгилей кетсек, аталган студенттер Жалал-Абад шаарындагы №14-инновациялык мектепте адаптациялык практикасын өтөп жүрүшөт.  

 Бул студенттердин алгачкы химия предметинен өткөрүшкөн класстан тышкаркы иш чарасы болду. Кече окуучулар жана студенттер, химия мугалими Т.Жакыпова, мектептин мугалимдери, химия каф. башчысы Н.Б.Арстанбекова катышып, окуучуларга, студенттерге ийгиликтерди каалашты.

  • Д.И.МЕНДЕЛЕЕВДИН МЕЗГИЛДИК СИСТЕМАСЫНА 150 ЖЫЛ