AVN

ЖАМУДА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕР КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨНҮШҮҮДӨ…

ЖАМУДА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕР КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨНҮШҮҮДӨ…
 Apr 23, 2019  674

ЖАМУнун чет өлкөлүк студенттерге кыргыз тилинде сүйлөө үйрөтүлүүдө.  Филология факультетинин окутуучусу  Г.Каленбекова кыргыз тилинен тактоочтор боюнча медицина факультетинин ЛДи-2-18 тайпасына ачык сабак өткөрдү. Сабакта тактооч сөздөр үйрөтүлүп, аларды кеп ишмердүүлүгүндө кантип, кайсы учурларда колдонулушу алгылыктуу усулдар менен үйрөтүлдү.

Г.Каленбекованын айтуусунда чет өлкөлүк студенттерге кыргыз тилин үйрөтүү бир топ кыйын, ал үчүн окутуучу өзү чет тилдерин билүүсү зарыл, сабакка тынымсыз даярданыш керек. Кыргыздарды, кыргыз жерин, кыргыз тарыхын, кыргыз медицинасын таанытуучу лексикалык темаларды тандап алып, кызыктуу, көрсөтмөлүү талкууларды уюштуруу жакшы натыйжа берет. Мындан сырткары, кыргыз тилине кызыктыруучу усулдарды туура тандап, туура пайдалана алуу да чоң мааниге ээ.

         Студент Азамкан: “Мен кыргыз тили сабагына дайыма катышам. Окутуучубуз Гүлбарчын Каленбекова бул сабакты кызыктуу өтөт. Бизге кыргыз тилинде сүйлөшүбүзгө, кыргызча ырларды ырдашыбызга жардам берип жатат. Кыргыз тилин жакшы үйрөнүп алсак, адистигибизге байланышкан башка сабактарды өздөштүрүүбүз да жеңил болот”, - деген оюн билдирди.

         Ачык сабакка методисттер, окутуучулар катышып, өз ой-пикирлерин айтышты.  

  • ЖАМУДА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕР КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨНҮШҮҮДӨ…