AVN







ЖАМУДА МАНАС ДАҢКТАЛДЫ

ЖАМУДА МАНАС ДАҢКТАЛДЫ
 Apr 19, 2019  612

ЖАМУнун факультеттеринин арасында   студенттердин «Айкөл Манас баяны” аталыштагы Билим  таймашын кафедранын доценти, ф.и.к. А.К.Кадырова уюштуруп, өткөрдү. Таймаштын максаты: студенттердин  китеп окуу маданиятын калыптандыруу, кыргыз рухунун туу чокусу, бак-дөөлөтү болгон эпосту ЮНЕСКО баалап, колдоп келаткан,  Гинеске катталган бүткүл адамзаттын оозеки маданиятынын шедеврлеринин шедеври катары  эсептелген 7 өнөрдүн бири экендигин билдирүү.

Сынак 3 этап менен өтүп, ага ФФ, МФ, ТТФ, Медколледж, ЖАКтын студенттеринен түзүлгөн командар катышышып, жыйынтыгы чыгарылды. Жеңүүчүлөргө ЖАМУнун I, II, III даражадагы дипломдору, көрүүчүлөрдүн ичинен активдүү катышкан студенттерге ыраазычылык каттар ыйгарылды – деп билдирди кыргыз, дүйнөлүк элдер адабияты кафедрасынын башчысы ф.и.к., доцент   Д.Чокоева.

  • ЖАМУДА МАНАС ДАҢКТАЛДЫ
  • ЖАМУДА МАНАС ДАҢКТАЛДЫ
  • ЖАМУДА МАНАС ДАҢКТАЛДЫ
  • ЖАМУДА МАНАС ДАҢКТАЛДЫ
  • ЖАМУДА МАНАС ДАҢКТАЛДЫ
  • ЖАМУДА МАНАС ДАҢКТАЛДЫ