AVN

СТУДЕНТТЕР ТАЖРЫЙБАЛУУ МУГАЛИМДИН АЧЫК САБАГЫНДА БОЛУШТУ

СТУДЕНТТЕР ТАЖРЫЙБАЛУУ МУГАЛИМДИН АЧЫК САБАГЫНДА БОЛУШТУ
 Apr 19, 2019  692

ЖАМУнун “Химия” кафедрасынын педагогикалык практика өтөөчү базалык мектептеринин бири – бул шаардагы №14-инновациялык мектеби.

Жакында “Химия” кафедрасынын Х-1-17, Х-1-16, Х-1-15 тайпасынын студенттери Жалал-Абад шаарындагы №14-инновациялык мектептин химия мугалими, Эл агартуунун мыктысы Т.Жакыпованын  9-“д” классында “Металлдар дүйнөсү”  деп аталган интерактивдүү ачык сабагына катышып келишти.  Сабактын максаты “Металлдар” темасы боюнча окуучулардын билимин бышыктоо болгондуктан, окуучулар  алдын ала “Металлдар”, “Щелочтуу металлдар”, “Кальций ” , “Темир” , “Жез” боюнча  атайын презентацияларды  даярдашып, аталган металлдардын физикалык жана химиялык касиеттери жөнүндө баяндамаларды  жасашты. Окуучулар ошондой эле ар бир темага байланышкан видеотажрыйбалардын жүрүшүн  түшүндүрүп, сабактын соңунда реалдуу эксперименттерди өздөрү жасашып, реакциялардын теңдемелерин жазып түшүндүрүп беришти. Ачык сабакка катышкан студенттер жана мугалимдер өз пикирлерин айтып, Т.Жакыповага ыраазычылыктарын билдиришти.

Тажрыйбалуу мугалимдин өткөн ачык сабагы  болочоктогу педагог- химик студенттер  үчүн таасирдүү жана кызыктуу болду.

Жалал-Абад шаарындагы №14-инновациялык мектептин химия мугалими, Эл агартуунун мыктысы Т.Жакыпова шаардагы мугалимдердин “Химия” секциясын жетектейт,  окуучулары областтык, республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү.

  • СТУДЕНТТЕР ТАЖРЫЙБАЛУУ МУГАЛИМДИН АЧЫК САБАГЫНДА БОЛУШТУ