AVN







ТЫШКЫ БАЙЛАНЫШТАР ЧЫҢДАЛУУДА

ТЫШКЫ БАЙЛАНЫШТАР ЧЫҢДАЛУУДА
 Apr 17, 2019  781

ЖАМУнун Кыргыз тили кафедрасынын профессору, фил.и.д. М.Мирзахидова “Грамматик маъно ва шаклнинг диалектик талкини”,  кафедра башчысы, фил.и.к. Г.Бакирова “Текст менен иштөөнүн интерактивдүү ыкмалары” деген темаларда баяндамаларын жасашты. Мындай маалыматты аталган кафедранын башчысы Г. Бакирова маалымдады.

Маалыматта Андижан мамлекеттик университети “Инновациялык идеяларды иштеп чыгуу жана аларды өндүрүштө, билим берүүдө пайдалануунун учурдагы проблемалары” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция уюштуруп, аты аталган  ЖАМУнун эки окутуучусу катышканы айтылат.

Белгилей кетсек,  Жалал-Абад мамлекеттик университети менен Бабур атындагы Андижан мамлекеттик университетинин ортосунда 2017-2018-окуу жылында илим, билим жана маданият багыттары боюнча өз ара кызматташуу меморандуму түзүлгөн.  Кафедра башчысы, доцент Г.Бакирова билдиргендей, АнМУнун жетекчилиги тарабынан эки элдин, аталган окуу жайлардын ортосундагы ар тараптуу байланыштарды чыңдоого зор салым кошуп жаткан филологдордун эмгектерине жогору баа берилди. Мындан ары да карым-катнашты бекемдөөгө бардык шарттар түзүлө тургандыгы белгиленди.

  • ТЫШКЫ БАЙЛАНЫШТАР ЧЫҢДАЛУУДА
  • ТЫШКЫ БАЙЛАНЫШТАР ЧЫҢДАЛУУДА
  • ТЫШКЫ БАЙЛАНЫШТАР ЧЫҢДАЛУУДА
  • ТЫШКЫ БАЙЛАНЫШТАР ЧЫҢДАЛУУДА
  • ТЫШКЫ БАЙЛАНЫШТАР ЧЫҢДАЛУУДА