AVN







МЕН БОЛБОСОМ АНДА КИМ?

МЕН БОЛБОСОМ АНДА КИМ?
 Apr 17, 2019  939

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жаштар комитети, Жалал-Абад Жаштар иштери боюнча комитети «Эл аралык толеранттуулук үчүн” фонду менен биргеликте “Толеранттуулук жана демократия элчилери” долбоорунун алкагында Жалал-Абаддын жаштарын коомдук иштерге активдүү катышууга үндөө, ийгиликтүү инсандар менен жаштардын ортосундагы байланышты жакшыртуу, коомдогу көйгөйлөрдү жаштар аркылуу алдын алуу жана болтурбоо. Ошондой эле коомдогу активдүү, аракетчил жана лидер жаштарды шыктандыруу максатында“Мен болбосом, анда ким?” аталышындагы маалыматтык компаниясынын алкагында 16-апрель күнү Барпы драма театрында Жалал-Абад шаарында жаштар үчүн мотивациялык жолугушуу уюштурулду. Бул жолугушууга ийгиликтүү инсандар катары Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, Жеке ишкер, меценат Аскар Салымбеков, “Дост курулуш” компаниясынын директору Түгөлбай Сейдалиев чакырылды. Иш чарага жалпысынанЖалал-Абад областынын 600дөн ашуун жаштары кызыгуу менен келип активдүү катышып кетишти.

Эскерте кетсек “Мен болбосом, анда ким?” маалыматтык компаниясы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин Тарых кафедрасынын студенттеринин(Султанова Курманжан, Исмаилова Айсана жана Зиябиддин уулу Искендер) демилгеси менен, “Эл аралык толеранттулук үчүн”  фонду “Saferworld” менен биргеликте Евросоюздун финансылык колдоосу менен ишке ашырылат.

  • МЕН БОЛБОСОМ АНДА КИМ?
  • МЕН БОЛБОСОМ АНДА КИМ?
  • МЕН БОЛБОСОМ АНДА КИМ?
  • МЕН БОЛБОСОМ АНДА КИМ?