AVN







ЖАШ КАНАТТАР ЭЛ МЕНЕН

ЖАШ КАНАТТАР ЭЛ МЕНЕН
 Apr 17, 2019  958

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин маданий-эстетикалык борборунун “Жаш канат” фольклордук ансадбли ЭлТР телеканалында, ЭлФМ үналгысында конок болуп, таланттарын элге тартуулашты.

“Жаш канат” фольклордук ансамблинин жетекчиси Нурбек Шамуратовдун айтымында жаш комузчулар “Чай үстүндө” программасынын түз уктуруусунда конокто болушкан. “Ансамдльде жалаң Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери тарбияланышат. Комузда кол ойното жалпы элге күүлөрдү чертишти. Окуу жай тууралуу маалыматтарды айтуу менен, жетишкен ийгиликтери, алдыга койгон максаттары менен ой бөлүшүп, баарлашышты.” – дейт Н. Шамуратов.

Ошондой эле комузчулар ОшТВ телеканалынын “Аруу таң”, Жалал-Абад мамлекеттик телерадио компаниясынын таңкы түз эфиринде да конокто болушкан.

Эске сала кетсек, “Жаш канат” фольклордук ансамбли Жалал-Абад мамлекеттик унверситетинин маданий-эстетикалык борбору тарабынан түзүлүп, аны аталган борбордун адиси Н. Шамуратов жетектейт. Окуу жайдын таланттуу студенттери кастинг аркылуу тандалып алынып, эки жылдан бери таланттарды тапташууда.

Бир катар ийгиликтерди жаратуу менен университеттер аралык эки фестивалга катышып,  громата, дипломдорго ээ болушканын билдирди  Н. Шамуратов.

  • ЖАШ КАНАТТАР ЭЛ МЕНЕН
  • ЖАШ КАНАТТАР ЭЛ МЕНЕН
  • ЖАШ КАНАТТАР ЭЛ МЕНЕН
  • ЖАШ КАНАТТАР ЭЛ МЕНЕН
  • ЖАШ КАНАТТАР ЭЛ МЕНЕН
  • ЖАШ КАНАТТАР ЭЛ МЕНЕН
  • ЖАШ КАНАТТАР ЭЛ МЕНЕН
  • ЖАШ КАНАТТАР ЭЛ МЕНЕН
  • ЖАШ КАНАТТАР ЭЛ МЕНЕН
  • ЖАШ КАНАТТАР ЭЛ МЕНЕН
  • ЖАШ КАНАТТАР ЭЛ МЕНЕН
  • ЖАШ КАНАТТАР ЭЛ МЕНЕН