AVN







УНИВЕРСИТЕТТИН ИШИНИН ИЙГИЛИГИ

УНИВЕРСИТЕТТИН ИШИНИН ИЙГИЛИГИ
 Apr 16, 2019  746

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  Р. Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында белгилүү географ, саякатчы, Н.М. Пржевальскийдин180 жылдыгынын урматына карата “Н.М. Пржевальский жана Кыргызстан:Тарых жана учур” аталыштагы өткөрүлгөн  Эл аралык илимий-практикалык конференциянын соңунда,  ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун адистери тарабынан даярдалган чакан маданий программа тартууланды.

 

Учурдагы актуалдуу маселе болуп турган Кыргыз эли менен Орус элинин шериктеш катары  бирге иштешүүсү, достугунун бекемделишинин алкагында ЖАМУ менен Орусия ЖОЖдорунун ортосунда келишимдердин түзүлүүсүн университеттин ишинин ийгилиги катары таанууга болот. Ал эми мындай шартта маданий алака, маданий программалардын да оорду чоң экени калетсиз.

 

Студенттердин курамынан түзүлгөн “Жаш канат” фальклордук жана вокалдык ансамблдери тарабынан даярлалган Ш.Шеркуловдун “Эргиме” күүсү, Кыргыз элинин баатырдык “Манас” эпосунан үзүндү, И.Крутойдун “Шарманка”, М.Магомаевдин “Оо Море”, Т.Колдошевдин “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам”, К.Аширалиевдин “Жалал-Абад” ырлары,  “Сезим” бий ансамблинин “Ала Арча” жана “Калинка” бийлери программанын негизин түздү. Конференцияга Россиянын жана Казакстандын окуу жайларынан  келген коноктору концерттик программа аларга абдан жагыптерең таасир алгандарын жашырышкан жокжана уюштуруучулардын мыктылыгын белгилеп, чон рахмат айтышты.

  • УНИВЕРСИТЕТТИН ИШИНИН ИЙГИЛИГИ
  • УНИВЕРСИТЕТТИН ИШИНИН ИЙГИЛИГИ
  • УНИВЕРСИТЕТТИН ИШИНИН ИЙГИЛИГИ