AVN







ЖАМУ РОССИЯЛЫК ОКУУ ЖАЙЛАР МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

ЖАМУ РОССИЯЛЫК ОКУУ ЖАЙЛАР МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ
 Apr 16, 2019  787

Жалал-Абад мамлекеттик университети менен Россия мамлекеттик гуманитардык университетинин жетекчилери  кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлду.  

Окуу жайлар мындан ары билим берүү, илим изилдөө, академиялык мобилдүүлүк жана  инновациялык долбоорлор боюнча иш алып барышат.

“Келишимдин алкагында профессордук-окутуучулар курамынын илим билим жаатында тажрыйба алмашуулары, биргеликте илим изилдөөлөрү жана студенттердин мобилдүүлүгү күтүлүүдө” – дейт ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор К.Ж. Усенов.

ЖАМУда географ, саяктчы Н.М. Пржевальскийдин 180 жылдыгына карата "Н.М. Пржевльский жана Кыргызстан: Тарых жана учур” аталышындагы Эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулган.  Ага  Россия мамлекеттик гуманитардык университетинин президенти, , т.и.д., профессор Е.И. Пивовар да катышты.

  • ЖАМУ РОССИЯЛЫК ОКУУ ЖАЙЛАР МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ
  • ЖАМУ РОССИЯЛЫК ОКУУ ЖАЙЛАР МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ
  • ЖАМУ РОССИЯЛЫК ОКУУ ЖАЙЛАР МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ