AVN







ЖАК ТҮШТҮК РЕГИОН БОЮНЧА ОЛИМПИАДАДА 3-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

ЖАК ТҮШТҮК РЕГИОН БОЮНЧА ОЛИМПИАДАДА 3-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ
 Apr 15, 2019  683

Жалал-Абад мамлекеттик унтверситетинин Жалал-Абад колледжинин студенттери 15 колледждин студенттери катышкан олимпиадада 3-орунду ээлешти. Бул тууралуу аталган колледжден билдиришти.

Маалыматта Ош мамлекеттик университетинин Финансы-юридикалык колледжи демилгеси менен түштүк региону боюнча экономикалык багыттагы адистиги бар колледждердин ассоциациясы түзүлгөндүгү айтылат.

“Аталган колледжде экономика багыты боюнча түштүк региондогу колледждер арасында студенттик олимпиада өтүп, ага 15 колледж катышты. Анда ЖАКтын директору Б.М.Турдубаеванын жетекчилиги менен “Экономика” бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери билимдерин сынашты. 15 колледждин ичинен бугхалтердик эсеп предмети боюнча ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи 3-орунду ээледи.  Кийнки жылда студенттердин экономикалык багыттагы олимпиадасын уюштуруу эстафетасын Жалал-Абад колледжи алды – дейт алар.

  • ЖАК ТҮШТҮК РЕГИОН БОЮНЧА ОЛИМПИАДАДА 3-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ
  • ЖАК ТҮШТҮК РЕГИОН БОЮНЧА ОЛИМПИАДАДА 3-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ
  • ЖАК ТҮШТҮК РЕГИОН БОЮНЧА ОЛИМПИАДАДА 3-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ
  • ЖАК ТҮШТҮК РЕГИОН БОЮНЧА ОЛИМПИАДАДА 3-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ