AVN







ЖАМУНУН ОКУТУУЧУЛАР И.К. АХУНБАЕВ АТЫНДАГЫ КММАНЫН 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНДЕ

ЖАМУНУН ОКУТУУЧУЛАР И.К. АХУНБАЕВ АТЫНДАГЫ КММАНЫН 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНДЕ
 Apr 15, 2019  659

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин медициналык-биологиялык дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары 10-12-апрель күндөрү И.К.Ахунбаев атындагы КММАда өткөн “КММАда илим күндөрү – 2019” аталыштагы илимий-практикалык конференцияга илимий баяндамалары менен катышып келишти.

Илимий-практикалык конференция И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналып уюштурулуп, ага Бечелова Айгүл  жана Бакирова Аида  катышкан.

Алардын билдирүүсүндө, конференцияга Россиядан, Казакстандан ошондой эле Кыргызстандын ЖОЖдорунан илимий кызматкерлер, аспиранттар жана студенттер келгени айтылат. “Биздин баяндамада биологиялык активдүү заттарды синтездөө жөнүндө айтылат.  Кээ бир  изилдөөчүлөр биологиялык заттарды башка ыкма менен алышкандыктан, тажрыйба алмаша алдык” – дейт алар.

Конференциянын соңунда  илимий темалар талкууланып, керектүү жана кызыктуу маалыматтар берилди. Мыкты илимий баяндама жасоодо активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн А. Бечеловага   жана А. Бакировага  атайын сертификаттар тапшырылды.

  • ЖАМУНУН ОКУТУУЧУЛАР И.К. АХУНБАЕВ АТЫНДАГЫ КММАНЫН 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНДЕ
  • ЖАМУНУН ОКУТУУЧУЛАР И.К. АХУНБАЕВ АТЫНДАГЫ КММАНЫН 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНДЕ
  • ЖАМУНУН ОКУТУУЧУЛАР И.К. АХУНБАЕВ АТЫНДАГЫ КММАНЫН 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНДЕ