AVN







ТҮРК МАДАНИЯТЫНЫН КОНТЕКСТИНДЕ БИЛИМДИ ГУМАНДАШТЫРУУ

ТҮРК МАДАНИЯТЫНЫН КОНТЕКСТИНДЕ БИЛИМДИ ГУМАНДАШТЫРУУ
 Apr 13, 2019  742

Педагогика жана маалыматтар технологиясы факультетинин Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын социалдык иш багытынын студенти Шерматова Чынара Ош мамлекеттик университетинде уюштурулган «Түрк маданиятынын контекстинде билимди гумандаштыруу» аттуу студенттик илимий семинарга катышып келди.

СКк-1-17 тайпасынын студенти Чынара Шерматова «Билимди гумандаштыруунун философиясы» деген тема менен катышып «Ардак грамота» жана «Сертификат» менен сыйланды.

Студенттик илимий семинар «Региондорду өнүктүрүү жана мамлекетти санариптештирүү» жылына жана Түрксой уюмунун «Ош шаары – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» аттуу чечимине арналган.

  • ТҮРК МАДАНИЯТЫНЫН КОНТЕКСТИНДЕ БИЛИМДИ ГУМАНДАШТЫРУУ