AVN







Профессионалдык-профилдикпрактикага жөнөп кетишти

Профессионалдык-профилдикпрактикага жөнөп кетишти
 Apr 13, 2019  668

Табигый-техникалык факультетинин “Химия” кафедрасында Х-1-15 тайпасынын студенттери үчүн  профессионалдык-профилдик практикага жөнөтүү  алдындагы конференция болуп өттү.

Конференцияда  профессионалдык-профилдик практиканын максаты, милдеттери жана   практика  учурунда  даярдалуучу  документациялар жөнүндө кеңири  маалыматты кафедра башчысы Н.Арстанбекова айтып берди.

Профессионалдык-профилдик педагогикалык практиканын жетекчилери болуп Арстанбекова Н.Б., Жолдошалиева Н.С., Барпыбаев Т., Н. Маматураимовалар бекитилди.

Аталган тайпанын студенттери  мектептерге төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү, атап айтканда   Жалал-Абад шаарындагы №5,№4-гимназия мектебине 2 студент, №13-орто мектебине 2 студент,  балдар жана кыздар лицейине  2 студент,  №9, №14-инновациялык мектептерине 3 студент,ал эми жолдомолорунун  негизинде 3 студент Сузак районундагы С.Акбаров, Д.Жунусов, Базар-Коргон районундагы Бабур  орто мектептерине бөлүштүрүлдү, жалпысынан профессионалдык-профилдик педагогикалык практикасын өтөө үчүн 12 студент жөнөтүлдү-деп билдирди “Химия” кафедрасынын башчысы Н.Б.Арстанбекова.

  • Профессионалдык-профилдикпрактикага жөнөп кетишти