AVN







СТУДЕНТТИК ЖАШОО ПУЛЬСУ-2019

СТУДЕНТТИК ЖАШОО ПУЛЬСУ-2019
 Apr 13, 2019  951

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түптөлүшүнө 96 жыл, жогорку окуу жай катары негизделгенине 26 жыл  болгондугуна жана  «2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына карата Экономикалык-юридикалык факультетинде окуган студенттеринин арасында  “Студенттик жашоо пульсу-2019”  сынагы   болуп өттү.

               Бул иш чараны өткөрүүнүн максаты  ЖАМУнун Экономикалык –юридикалык факультетинде окуган студентерди            Ата-мекенин сүйүүгө, эстетикалык табитин жогорулатууга, коомдук жайларда өзүн алып  жүрүүгө, элибиздин үрп- адат, каада-салттарын, нарк-насилдерин сактоого, өзүнүн сүйүктүү кесибин, даңазалоого, барктоого, достук жана боорукерликке үндөө болуп саналат.

               Аталган иш- чарага факультеттен 3 команда катышты. Алар:

“Экономика жана бухгалтердик эсеп” кафедрасынан – Бухгалтерлер командасы;

“Юриспруденция” адистигинен – Юристтер командасы;

“Финансы жана кредит” кафедрасынан – Финансисттер командасы катышты.

 Калыстар тобунун мүчөлөрү: калыстар тобунун төрайымы, жаштар комитетинин төрайымы -  Базарбай Алтынай;

Ж. Масаитов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун жетектөөчү адиси;

Н.Г. Шамуратов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун адиси.

         Жобого ылайык катышуучулар берилген тапшырмаларды аткарышты. Калыстардын берген баасына ылайык, ар бири тийиштүү орундарды ээлешти.

Жыйынтыгында:    

1-орунду “Финансы жана кредит” кафедрасынан – “Финансисттер” командасы

2- орунду “Юриспруденция” адистигинен – “Юристтер” командасы

3-орунду “Экономика жана бухгалтердик эсеп” кафедрасынан – “Бухгалтерлер” командасы алышты –деп билдирди ЭЮФдун тарбия иштери боюнча декандын орун басары Кошалиева З.А.

  • СТУДЕНТТИК ЖАШОО ПУЛЬСУ-2019