AVN







ЖАМУНУН МЕДИЦИНА КОЛЛЕДЖИ СТУДЕНТТЕРДИН ДЕН СООЛУГУНА КАМ КӨРҮҮДӨ

ЖАМУНУН МЕДИЦИНА КОЛЛЕДЖИ СТУДЕНТТЕРДИН ДЕН СООЛУГУНА КАМ КӨРҮҮДӨ
 Apr 13, 2019  656

ЖАМУнун  Медициналык колледжинде студенттер жана окутуучулар үчүн мед пункт ачылды. Анда студенттердин жана окутуучулардын ден соолугуна кам көрүлүп, фито чайлардан ичип, массаждарды ала алышат.

     Медпункттун ачуу салтанатына  ЖАМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору А.Д.Доронова,     колледждин директору баштаган жалпы жамаат катышты.

   Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор А.Д.Доронова ачуу салтанатында куттуктоо сөз менен бирге жалпы жамааттын ден соолугуна кам көрсөтүү менен студенттердин алган билимине практикалык шык берүүчү кызмат кыларын  белгилеп өттү. Ошондой эле    ЖАМУнун студенттери үчүн профилактория жана студенттик поликлиника менен биргеликте  медициналык  кызмат көрсөтөөрүн айтты.

   Мед колледждин директору б.и.к доцент А.Д.Эгембердиева:

Бул күн  жалпы эле окутуучулар жана  студенттер үчүн кубанычтуу күн болгондугун айтты. 

Аталган колледждин “Жалпы гуманитардык билим берүү” бөлүмүнүн окутуучулары тарабынан мед пункта кызматтар көргөзүлөт. Окутуучулар  ден соолук үчүн пайдалуу  табигый дары өсүмдүктөрдөн жасалган фито чайларды даярдап, массаж жасашаары айтылды.

  • ЖАМУНУН МЕДИЦИНА КОЛЛЕДЖИ СТУДЕНТТЕРДИН ДЕН СООЛУГУНА КАМ КӨРҮҮДӨ
  • ЖАМУНУН МЕДИЦИНА КОЛЛЕДЖИ СТУДЕНТТЕРДИН ДЕН СООЛУГУНА КАМ КӨРҮҮДӨ