AVN

ЖАМУ Н.М. ПРЖЕВАЛЬСКИЙДИН 180 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕДИ

 Apr 13, 2019  763

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Р. Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында  Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти О.А. Тогусаков, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору К.Ж. Садыков,  Ош юридикалык институтунун ректору Э.С. Токторов, Ош техникалык университетинин ректору А.О. Абидовдордун катышуусу менен географ, саякатчы Н.М. Пржевальскийдин 180 жылдыгы белгиленди.

Пржевальскийдин 180 жылдыгы менен куттуктап сөз сүйлөштү. ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович, анын өмүр таржымалына токтолуп, Азиядагы зор чөлдөргө, анын ичинде табышмактуу Гоби аймагына биринчи болуп илимий мүнөздөмө бергенин баса белгиледи.

Ал Кытайдагы эң ири дарыялар - Янцзы жана Хуанхэ башталган жерлерге барган, Борбордук Азиядагы эң чоң Тарим дарыясын сүрөттөп жазган. Мына ушулардан кийин гана Борбордук Азиянын анык картасы түзүлгөн. Ал Азиядагы элдердин үрп-адаттарын, аба ырайынын өзгөчөлүктөрүн кунт коюп байкаган. Пржевальский өз экспедицияларында чогулткан коллекцияларды илимпоздор жылдап изилдешкен. Пржевальскийдин изилдөөлөрүнө чейин Борбордук Азиянын өсүмдүктөрү менен жаныбарлары тууралуу маалыматтар өтө аз жана чар-жайыт болгон. Пржевальский жыйнаган гербарий 15 миңден ашуун өсүмдүктү камтыган.

  • ЖАМУ  Н.М. ПРЖЕВАЛЬСКИЙДИН 180 ЖЫЛДЫГЫН  БЕЛГИЛЕДИ