AVN

ЖАМУДА РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ПРОФЕССОРЛОРУ КОНОКТО

ЖАМУДА РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ПРОФЕССОРЛОРУ КОНОКТО
 Apr 12, 2019  720

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Р. Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында  Н.М. Пржевальскийдин 180 жылдыгы белгиленүүдө. Ага карата  "Н.М. Пржевльский жана Кыргызстан: Тарых жана учур” аталышындагы Эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду.

 Конференцияга Россия Федерациясынын, республикалык окумуштуулар конокко чакырылып, илимий баяндамаларын окушту.

Россия Федерациясынын башкы консулу Р.В. Свистин, Россия мамлекеттик гуманитардык университетинин президенти, т.и.д., профессор Е.И. Пивовар, М. Акмуллы атындагы Башкир мамлекеттик педагогикалык университетинин доценти И.М. Гатин, Академик С.П. Королев атындагы Самара улуттук университетинин профессору В.В. Полянский катышышты.

Николой Михайилович Пржевальский 1839-жылы жарык дүйнөгө келген. Пржевальский көп жыл офицер катары кызмат кылган, бирок бала кезинен эле саякатчы болууну эңсеген. Ал бир нече жолу ошол кезде али изилдене элек Африкага барууга камданган, мындай экспедиция үчүн каражат таба алган эмес. Ошентсе да Пржевальский зор ынтаа менен Ыраакы Чыгышты изилдеген. Ал эми 1870-жылы ал бир нече шериги менен Моңголия, Кытайга жөнөгөн. Асман тиреген тоолор, какыраган чөлдөр, аягы кумга сиңип жоголгон дарыялар, шыбыргактаган кар бороондору, 50 градуска жеткен ысык аптап - мына ушулардын баарын бул адам өзүнүн максатынан тайбаган кажыбас кайраты, эрктүүлүгү менен жеңип чыккан. Борбордук Азиянын адамдын буту тие элек мейкиндерин Пржевальский атчан жана жөө аралап, 33 миң чакырымдан ашуун жол баскан. Мына ушундай өжөрлүгү менен илимде из калтырган инсан катары азыркы күнү да эл оозунан түшпөй эскерилип келет.

  • ЖАМУДА РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ПРОФЕССОРЛОРУ КОНОКТО