AVN







КАЙРЫМДУУ БОЛ

КАЙРЫМДУУ БОЛ
 Apr 11, 2019  1529

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын социалдык иш адистигинде окуган СКк-1-17 тайпасынын Социалдык иштин теориясы жана усулу предметинен студенттер ортосунда жарыш өткөрүлдү, «Кайрымдуу бол» жана «Мэри Эллен Ричмонд» командалары билим сынашты.

Студенттер төмөндөгүдөй шарттарды аткарышты:

  1. Саламдашуу
  2. Команданын атын коргоо
  3. «С» терминин жатка айтуу
  4. Кырдаалдык суроолор
  5. Командалардын бири бирине суроолору

 

Бул сынак студенттердин жогорудагы предметтен алган билимин бышыкап туруу максатында окутуучу Ы.М. Кожоназарова тарабынан уюштурулду.

Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын профессордук-окутуучулар жамааты сынакка калыстык кылышты.

Калыстар тобунун чечими менен жогорудагы тапшырмаларды мыкты аткарып 226 баллга ээ болгон «Кайрымдуу бол» командасы алдыга чыгып ал эми 185 балл менен «Мэри Эллен Ричмонд» командасы 2 орунга ээ болду. Сынакта активдүү жана «С» терминдерин мыкты билген студент катары Надирбек кызы Асел белгиленди.

  • КАЙРЫМДУУ БОЛ