AVN







СПОРТ – ДОСТУККА ЖОЛ АЧАТ

СПОРТ – ДОСТУККА ЖОЛ АЧАТ
 Apr 11, 2019  783

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түптөлгөндүгүнө  96 жыл, университет болуп түзүлгөндүгүнө  26 жылдыгына карата  окуу жайдын Жаштар комитети тарабынан спорттук иш-чара уюштурулду. Анда спорттун  футбол, тогуз коргоол түрлөрү боюнча таймаш жүрдү.

Жаштар комитетинен берилген маалыматка ылайык, спорттук мелдешке окуу жайдын факультеттеринин жана колледждеринин студенттеринен түзүлгөн командалар катышкан.  “Жаштарды спортко тартуу менен алардын ден соолугунун бекемдигине жана бош убактысын туура пайдаланууга үндөй алабыз. Ошондой эле спорт – достуктун, биримдиктин булагы, студенттер бири-бири менен жакындан таанышып, достук мамиле курууга жол ачылат” – дейт уюштуруучулар.

 Жыйынтыгында футбол оюну томонкудой жыйынтыкталды:

1-орун Табигый-техникалык факультети;

2-орун Медициналык факультети;

3-орун Педагогика жана маалымат технологиялар факультети;

Ал эми тогуз коргоол оюну боюнча; (кыздар арасында)

 1-орун Педагогика жана маалымат технологиялар факультети;

2-орун Жалал-Абад колледжи;

3-орун Медициналык факультети;

 Ал эми балдар арасында

1-орун Педагогика жана маалымат технологиялар факультети;

2-орун Жалал-Абад колледжи;

3-орун Медициналык факультети

  • СПОРТ – ДОСТУККА ЖОЛ АЧАТ
  • СПОРТ – ДОСТУККА ЖОЛ АЧАТ
  • СПОРТ – ДОСТУККА ЖОЛ АЧАТ
  • СПОРТ – ДОСТУККА ЖОЛ АЧАТ