AVN







ПРОФОРИЕНТАЦИЯ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

ПРОФОРИЕНТАЦИЯ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
 Apr 11, 2019  715

Жалал-Абад колледжинин «Укук таануу жана социалдык иш» бөлүмүнүн 030503 “Укук таануу” секциясы, Кара-Дарыя айыл округунун №19 А.Абдукаимов атындагы орто мектебинин жана №20 М.Маткеримов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү 9-11-класстардын окуучуларына бүтүрүүчү класстын окуучуларына туура кесип тандоого  көмөк  көрсөтүү максатында профорионтациялык иштерин уюштурду.

Иш чаранын жүрүшүндө окуучулар Жалал-Абад колледжинин  030503 “Укук таануу”  адистиги боюнча кеңири маалымат алышып, өздөрүнүн кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты.  

Мындай иш-чаралар алдыда колледждин башка бөлүмдөрү тарабынан дагы уюштурулуп, абиутуринттерди чакыруу иштери болоорун кабарлашты алар.