AVN







ЖАМАН АДАТТАРДАН САК БОЛГУЛА

ЖАМАН АДАТТАРДАН САК БОЛГУЛА
 Apr 10, 2019  832

Табигый-техникалык факультетинин химия кафедрасынын Х-1-17  тайпасынын студенттерине “Жаман адаттардан сак болгула” деген аталышта ачык куратордук саат өтүлдү.  Аны тайпанын куратору Нурия Жолдошалиева уюштурган.

Бул иш чарага  Х-1-16 тайпасынын жана Х-1-18 тайпасынын студенттери катышты. Студенттер Абдувахабова  Дилноза  “Тамекинин зыяндуу жактары”, Апсаматова Айзирек “Бангилик бул коркунучтуу адат”, Маданбекова Нурэл         “Алькоголизм – кылымдын чумасы”  жана Маликова  Жаңылай    “Адамдагы жаман адаттар” деген аталышта докладдарды окушту. Куратордук саатта студенттер үчүн пайдалуу жана кызыктуу маалыматтар айтылды – деп билдирди Х-1-17 тайпасынын куратору Жолдошалиева Н.С.

  • ЖАМАН АДАТТАРДАН САК БОЛГУЛА