AVN

МОБИЛДҮҮЛҮК БОЮНЧА ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ОРТОСУНДАГЫ БАЙЛАНЫШТАР

МОБИЛДҮҮЛҮК БОЮНЧА ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ОРТОСУНДАГЫ БАЙЛАНЫШТАР
 Apr 10, 2019  595

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кыргыз тили кафедрасынын башчыысы, доцент Г.К.Бакирова жана кафедранын профессору, фил.и.д. М.И.Мирзахидовалар тышкы академиялык мобилдүүлүк боюнча Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин Тарых-филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигинин күндүзгү окуу бөлүмүндөгү студенттерге лекциялык сабактарды жана мастер класстарды өткөрүштү. Профессор М.И.Мирзахидова “Илим кечээ, бүгүн жана эртең” деген темада бүтүрүүчу курстардын студенттерине жана жаш окутуучуларга илимий баяндама жасаса, доцент Г.Бакирова 1-курстун студенттерине фонетика, орфография предмети боюнча лекция окуп, практикалык сабакта кыргыз тилиндеги тыбыштык өзгөрүүлөр боюнча студенттер менен мастер класс уюштурду.   

Кафедра башчысы Г.Бакированын билдирүүсү боюнча окуу жайдын Эл аралык байланыштар жана академиялык мобилдүүлүк боюнча департаментинин башчысы, филос.и.д. А.Т.Балтабаева, факультеттин деканы, фил.и.к. Н.Тилекова, Кыргыз филологиясы кафедрасынын башчысы, ф.и.к. Б.Исмаиловалар жылуу кабыл алышып, иш-чараларды уюштурууга толук шарттарды түзүп беришти. Буга чейин эки окуу жайдагы аталган кафедралардын ортосунда ар тараптуу байланыштарды чыңдоо максатында атайын келишимдер түзүлгөн.    

  • МОБИЛДҮҮЛҮК БОЮНЧА ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ОРТОСУНДАГЫ БАЙЛАНЫШТАР