AVN

ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ ЖҮРӨККӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАШТЫ

ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ ЖҮРӨККӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАШТЫ
 Apr 10, 2019  645

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  медицина факультетинин студенттери  кайрымдуулук акцияга катышышты. Тактап айтканда  госпиталдык терапия кафедрасында 6 курс студенттери  акциянын алкагында жүрөк оруларга бекер жүрөк кан тамырына стент коюшту.

Аталган кафедранын окутуучусу Венера Орунбаеванын берген маалыматына ылайык,  Сауд Арабиядан  профессор Али Масуд жана анын ассистенти Абдулло Аззахраний да катышып, студенттерге жүрөк кан тамырларына стенд коюуну үйрөтүштү. Мындай иш-чаралар менен калктын ден соолугуна кам көрүү менен жаш дарыгерлерди кесипкөйлүккө үйрөтө алабыз. Учурда жүрөк оорулары күч алып жатканы талашсыз. Андыктан өз ишин мыкты билген өмүр сакчыларын даярдоо мезгил талабы.

Акцияны ТАЖКХИБнун мүдүрү  профессора Абдраманов Калдарбек уюштурган. Ал эми жогорудагы дарыгерлер келишимдин негизинде келишип, жүрөккө коюлуучу стенттерди Бүткүл дүйнөлүк Ислам Лигасынан бекер алынып келинди – дейт В. Орунбаева.

  • ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ ЖҮРӨККӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАШТЫ