AVN







БУХГАЛТЕРЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

БУХГАЛТЕРЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
 Apr 9, 2019  709

Жалал-Абад мамлекеттик  университети Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланган «2019-жыл – Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына жана "Бухгалтерлер күнүнө" карата  «Региондорду өнүктүрүүдө, эсеп жүргүзүүнү санариптештирүү - учурдун талабы» аталыштагы Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга  облустун жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, «Түштүк региондо  жайгашкан бардык ЖОЖдордун окумуштуулары катышышты.Ошондой эле Тажикстан, Өзбекстан мамлекетинин окумуштуулары өздөрүнүн илимий макалаларын жөнөтүшкөн.Пленардык жыйында жана секцияларда тема боюнча пикир алмашуу суроо жооптор болду. Окумуштуулар өздөрүнүн баяндамаларында өлкөнү санариптештирүүнүн мамлекетке келтирген пайдаларын жана региондорду өнүктүрүүгө чоң салым кошоорун баса белгилешти.

Жыйынтыгында эң мыкты баяндамаларга дипломдор, сертификаттар ыйгарылганын, конференциянын уюштуруучулары ЭЮФтин «Экономика жана бухгалтердик эсеп» кафедрасынын башчысы э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов белгилеп кетти.

  • БУХГАЛТЕРЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • БУХГАЛТЕРЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • БУХГАЛТЕРЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • БУХГАЛТЕРЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • БУХГАЛТЕРЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ