AVN







СПОРТ ДЕН СООЛУКТУН БУЛАГЫ

СПОРТ ДЕН СООЛУКТУН БУЛАГЫ
 Apr 9, 2019  1092

ЖАМУнун медициналык колледжинде “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына”  карата   “Спорт – ден соолуктун булагы” деген темада спорттук мелдеш өткөрүлдү.

         Жалпы билим берүүчү жана гуманитардык дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучулары  А.Искендеров, Б. Сайдазимова, Н.Байгозуевалардын уюштуруусунда жалпы 8 команда катышты. Мелдеш 5 түрдүү эстафеталык оюндардын негизинде жүргүзүлдү.

           Калыстар тобунун төрагасы М.Машаев: “Спорттук оюндар ден соолукту чыңдоодо чоң роль ойнойт. Бүгүнкү мелдешке катышкан  ар бир команда мыкты даярданышыптыр. Студенттер ар бир тапшырманы эрежеси менен так аткарууга аракеттенип жатышты. Бул мелдеште ЛД-1-17 тайпасы өздөрүнүн шамдагайлыгын көрсөтүштү. Ден- соолукту чыңдоо үчүн келечекте ушундай мелдештерди тез-тез өткөрүү зарыл деген пикирин айтты.

         Жыйынтыгында күчтүүлүгү, шамдагайлыгы менен өзгөчөлөнгөн ЛД-1-17 тайпасы  I орунга, Фарм-4-18 тайпасы II орунга , Фарм-5-17 тайпасы III орунга ээ болушту.

   Калыстар тобу жана уюштуруучулар тарабынан активдүү катышкан жана мелдеште орун алган командалар дипломдор менен сыйланышты.

  • СПОРТ ДЕН СООЛУКТУН БУЛАГЫ
  • СПОРТ ДЕН СООЛУКТУН БУЛАГЫ
  • СПОРТ ДЕН СООЛУКТУН БУЛАГЫ
  • СПОРТ ДЕН СООЛУКТУН БУЛАГЫ