AVN







ПРАКТИКАЛАРДЫН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

ПРАКТИКАЛАРДЫН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
 Apr 9, 2019  636

Педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын «Социалдык иш» багытында окуган СКк-1-17 тайпасынынпрофилдик практикасынын жыйынтыктоочу жана СКк-1-16 тайпасынын өндүрүштүк практика алдындагы конференциялары болуп өттү.

Конференцияга кафедранын профессордук-окутуучулуккурамы СКк-1-17, СКк-1-16 тайпаларынын студенттери катышты.

Кафедранын практика боюнча жоопту окутуучусу Ы.М. Кожоназарова СКк-1-16 тайпасына өндүрүштүк практиканын программасы боюнча маалымат берип, практикага керектелүүчү докумменттер менен студенттерди камсыздады.

Андан соң СКк-1-17 тайпасынын профилдик практикасы боюнча даярдаган отчетторун коргоп тапшырышты. Күндөлүктүн жана отчеттун программага дал келүүсү, толуктугу, мекеме жетекчиси берген мүнөздөмөгө карап студенттер бааланышты.

СКк-1-17 тайпасында 14 студент окуйт, аларЖалал-Абад шаардык социалдык фонд,  Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарында 18-марттан 23-мартка чейин профилдик практикасын өтөп келишти.

Ал эми СКк-1-16 тайпасы 1-апрелден 20-апрелге чейин жогоруда аталган мекемелерде өндүрүштүк практикасын өтөшөт.

  • ПРАКТИКАЛАРДЫН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • ПРАКТИКАЛАРДЫН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ