AVN







«Кытай тили көпүрөсү» сынагы өткөрүлдү

«Кытай  тили көпүрөсү» сынагы өткөрүлдү
 Apr 4, 2019  729

«Кытай тили көпүрөсү» аттуу кытай тили боюнча дүйнөлүк студенттер арасындагы конкурстун XVIII туруна катышуу үчүн мыктыларды тандоо сынагы 30-мартта Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институтунда болуп өттү.

Конкурска институттун 13 тил үйрөнүүчүсү катышты. Алардын 1-турда оратордук чеберчилиги, билими сыналса, 2-турда өздүк чыгармачылыгы каралды. Натыйжасында, 5 катышуучу мыкты деп табылып, үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде Бишкекте өтүүчү конкурска жолдомо алышты. Алар: 1-орун: Равшанбек к. Шахноза, 2-орун: Эркинбекова Мээримай, Абылкасымов Нурзаман, 3-орун: Бахрамов Лочинбек, 4-орун: Абдукаимова Айкан. Калган катышуучулар институттун Грамотасы, баалуу белектери менен сыйланышты.

  • «Кытай  тили көпүрөсү» сынагы өткөрүлдү
  • «Кытай  тили көпүрөсү» сынагы өткөрүлдү
  • «Кытай  тили көпүрөсү» сынагы өткөрүлдү
  • «Кытай  тили көпүрөсү» сынагы өткөрүлдү