AVN

ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
 Apr 3, 2019  770

мамлекеттик университетинин түптөлүшүнө 96, жогорку окуу жай катары негизделгенине 26 жыл толуп, мааракеге арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү окуу жайдын мугалимдер жамааты жана студенттер катышты.
Бүгүнкү күндө мамлекеттик университети түштүк жергесиндеги азыркы заман талабына жооп бере турган жогорку билимдүү кадрларды даярдап жаткан окуу жай катары таанымал. Бир кылымга тете тарыхы бар ЖАМУ бул аралыкта көптөгөн ийгиликтердин башаты болуп миңдеген студенттерди дасыккан адис кылып чыгарууда. Азыркы учурда бул окуу жайдан билим алышып Республикадагы жана облустагы бир катар көрүнүктүү жетекчилерди, мектеп директорлорун ошондой эле шаарыбыздагы бир катар башкармалыктарды башкарып жаткандарды көрүүгө болот. Алар өлкөнүн экономикасы жана ар тараптуу өсүп өнүгүшүнө зор салымдарын кошуп келишүүдө.
Эске сала кетсек, жыйырманчы кылымдын 20-жылдарында шаарында өлкөдөгү алгачкы педагогикалык окуу жайы түзүлүп, ал окуу жайдан Кыргызстандын тарыхындагы белгилүү инсандар тарбияланып чыккан. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 1993-жылы мурдагы педагогикалык окуу жайынын базасында университет ачылган. Учурда 30дан ашуу кесиптик багыттар боюнча 13 миңге жакын студент билим алууда.Ал эми. окуу жайда 90 кандидат, 11 илимдин доктору, 10 профессор жана 2 мамлекеттик сыйлыктын ээси эмгектенет.

  • ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ