AVN







Конфуцийден ЖАМУнун макети юбилейге белек болду

Конфуцийден ЖАМУнун макети юбилейге белек болду
 Apr 3, 2019  830

Конфуций институту ЖАМУнун түзүлгөндүгүнүн 96 жылдыгына карата, окуу жайдын макетин жасап,  аземи болду. Иш-чарага ЖАМУнун окумуштуулар кеңешинин төрагасы баш болгон бардык мүчөлөрү катышты. 

Конфуций институтунун директору М.Шакированын айтуусунда макеттин схемалык түрү тандалып алынып, ага ЖАМУга караган 15 имараттын 200 масштабдагы кичирейтилген макети түшүрүлгөн. Буга чейин окуу жайдын бир дагы имаратынын макети жасалган эмес.  Бул жаңылык Конфуций институтунан окуу жайдын юбилейине белекке арналган.

Конфуций институтунун жетекчилигинин ишке болгон чыгармачылык мамилесине, жигердүүлүгүнө ЖАМУнун жетекчилиги ыраазычылыгын билдирди.

Макет Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин 1-кабатындагы фаесинде жайгашып, студенттер үчүн, келген коноктор үчүн таанып-билүүчүлүк, багыттоочу ролду аткарган көрсөтмө катары кызмат кылмакчы.  

  • Конфуцийден ЖАМУнун макети юбилейге белек болду
  • Конфуцийден ЖАМУнун макети юбилейге белек болду
  • Конфуцийден ЖАМУнун макети юбилейге белек болду
  • Конфуцийден ЖАМУнун макети юбилейге белек болду