AVN

ЖАМУда жаңы принципте иштей турган суу жылытуучу буу казандын ачылышы болду

ЖАМУда жаңы принципте иштей турган суу жылытуучу буу казандын ачылышы болду
 Apr 2, 2019  666

ЖАМУда «Электр энергиясын үнөмдөө максатында окуу корпусун жылытуу үчүн жаңы принципте иштей турган суу жылытуучу буу казан» инновациялык  долбоорунун бетачары болду. Бул долбоор Кыргызпатент тарабынан уюштурулуп, аземге Кыргызпатенттен “Инновациялар” бөлүмүнүн башкы адиси Каубасова Бактыгуль жана “Товар белгилерди экспертизалоо” бөлүмүнүн башчысы Мукамбетов Элмар, Өкмөттүн Жлала-Абад областык ыйгарым укуктуу өкүлүнүн өкүлү, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри, Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынан, “Жалалабадэлектро” ААКнан,Жалал-Абад жылуулук берүү ишканасынан, Шаардык мектептерден, бала-бакчалардан, ооруканадан,  Сузак районунун мектептеринен жетекчилеркелип катышышты.

Аталган долбоор «Мыкты инновациялык долбоор-2017» конкурсунда тандалып алынган. Анын жетекчиси “Энергия булактары, электроэнергетикалык системалар жана механика” кафедрасынын профессорут.и.д., Абдиумаматкадыр Аширалиев жана аткаруучулар: т.и.к., доцент Кокумбаева Кулумкан,  жеке ишкерлер  Абдувахидов Махамад, Шералиев Жигитали.

Алардын айтымында долбоорду ишке ашыруу үчүн ЖАМУнун жеттекчилиги тарабынан колдоо көрсөтүлүп, №7 корпустун жылуулук системасы калыбына келтирилди.

Келген коноктор буу казандын иштеп жаткандыгын көрүшүп, долбоордун жетекчисине жана аткаруучуларга ыраазычылык билдирүү менен, бул буу казан замандын талабына ылайыктуу экендигин терең белгилешип, өндүрүшкө, тактап айтканда жылытуу системасына колдонууну жайылтуу керек экендигин белгилешти.

  • ЖАМУда жаңы принципте иштей турган суу жылытуучу буу казандын ачылышы болду